"Евро Хантер компани"ЖЧКсынын чет өлкөдө жумушка орноштуруу уруксат кагазын күчүн токтуу боюнча

25 Июнь 2024
"Евро Хантер компани"ЖЧКсынын чет өлкөдө жумушка орноштуруу уруксат кагазын күчүн токтуу боюнча

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору "Евро Хантер Компани" ЖЧКсынын № 001213, № 001214, № 001215, 2023-жылдын 16-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу менен байланышкан иш-аракетке укук уруксаттарын убактылуу токтотот.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандарынан агенттик кызматтарды көрсөтүүнү көпкө күтүү боюнча келип түшкөн даттанууларга байланыштуу, Борбор «ЕвроХантер Компани» ЖЧКсына тез арада төмөндөгү чараларды көрүү талабы менен кайрылды:

1. Учурдагы маселелер чечилмейинче жана катталган жарандардын алдындагы милдеттенмелер аткарылмайынча жаңы каттолуучуларды тартууну токтотуу;

2. Агенттик кызматтарын көрсөтүүнү көптөн бери күтүп жаткан бардык жарандарга акча каражаттарын кайтаруу процесси мүмкүн болушунча тезирээк бүткөрүлүшү керек.

Ошондой эле талапка дыкат көңүл буруу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча зарыл чараларды көрүү боюнча сунуштар берилди.