- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Бишкек жана Ош шаарларындагы EPS-TOPIK 2025 корей тили боюнча тестирлөөнүн графиги /
Бишкек жана Ош шаарларындагы EPS-TOPIK 2025 корей тили боюнча тестирлөөнүн графиги

📅 Бишкек: 2025-жыл 21-февраль – 4-март
📅 Ош: 2025-жыл 6 – 7-март
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги ортосундагы Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларында EPS-TOPIK тестирлөөсү өткөрүлөт.
📌 Тестирлөө өтүүчү дареги:
📍 Бишкек ш. : Токтогул көчөсү 237
📍 Ош ш. : Н.Исанов көч., 81, (М.М. Адышев атындагы ОшТУ имаратында)
Тестирлөөгө катышуу үчүн маанилүү маалымат:
✅ Катышууга Кыргыз Республикасынын жарандары гана уруксат берилет жана төмөнкү документтер талап кылынат:
- Жалпы жарандык паспорттун түп нускасы (ID-карта же ички паспорт же телефонго тартылган сүрөтү кабыл алынбайт).
- Тестирлөө үчүн төлөм кагазы (28 АКШ доллары).
✅Тестирлөөнүн биринчи этабында сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлер түс сокурдугу (дальтонизм) боюнча кошумча тестирлөөдөн өтүшөт.
⚠ Жалпы жарандык паспорту жок жаран тестирлөөгө киргизилбейт!
📅 Графиги:
- Катышуучулардын аты-жөнү, тестирлөө күнү жана убактысы тизмелерде көрсөтүлөт.
- Көрсөтүлгөн убакытка кечиккен катышуучулар тестирлөөгө киргизилбейт.
❗ МААНИЛҮҮ: ЭСКЕРТҮҮ
🚦 Тестирлөөнүн өтүүчү жерине жетүү маршрутуңузду алдын ала пландап алыңыз, себеби жол тыгындары болушу мүмкүн.
🔄 Альтернативдүү жолдорду тандап, мүмкүн болгон кечигүүлөрдү эске алуу менен убагында келүүнү камсыз кылыңыз.
📢 Жаңылыктарды биздин расмий сайттан көзөмөлдөңүз: www.migrant.kg ; Instagram баракчасы info.migrant.kg