- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына “Pro-Force Ltd.” оператору аркылуу онлайн-каттоо жакын арада ачылат деген социалдык тармактарда тараган маалымат боюнча Борбордун түшүндүрмөсү /
Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына “Pro-Force Ltd.” оператору аркылуу онлайн-каттоо жакын арада ачылат деген социалдык тармактарда тараган маалымат боюнча Борбордун түшүндүрмөсү
Акыркы учурда социалдык тармактарда жана ар кандай интернет аянтчаларында айрым блогерлер тарабынан Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышачылыгында сезондук айыл чарба жумуштарына “Pro-Force Ltd.” оператору аркылуу онлайн-каттоо жакын арада ачылары тууралуу маалыматтар таралууда.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул маалымат чындыкка дал келбестигин маалымдайт.
Жарандарды социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тараган текшерилбеген маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз.
Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышачылыгында сезондук айыл чарба жумуштарына жарандарды каттоо “Pro-Force Ltd.” оператору тарабынан Борбордун расмий сайты - www.migrant.kg аркылуу гана жүргүзүлөт.
📞 Шектүү жагдайлар жаралган учурда же күмөндүү маалыматтарды алган болсоңуздар, 1899 номери аркылуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборуна кайрылсаңыздар болот.