- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин караштуу жарандарды Чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун сунуштары /
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин караштуу жарандарды Чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун сунуштары
Улуу Британиянын Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын бир катар региондорунда кырдаалдын курчушуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары - Борбор) сезондук айыл чарба иштеринин программасы боюнча Улуу Британиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Ротерхэм, Болтон, Блэкпул, Халл, Бристоль, Сток-он-Трент, Белфаст, ошондой эле Манчестер жана Ливерпуль шаарларынын чет жакаларына ушул региондордогу кырдаал турукташканга чейин баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.
Учурда аталган калктуу пункттарда жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандарын Борбор күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоону, сергек жана этият болууну, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болууну, акыркы жаңылыктарга көз салууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилиги жана Борбор менен байланышта болууну суранат.
Борбор Британиялык өнөктөштөр жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта.
Борбор Улуу Британиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары сезондук айыл чарба жумуштарынын программасы боюнча кадимки режимде эмгектенишерин белгилейт.
Кошумча жана ыкчам маалымат алуу үчүн Улуу Британиянын аймагында жүргөн КР жарандары үчүн шашылыш байланыш линиялары бар.
КРнын Улуу Британиядагы Элчилигинин байланыштары:
+44 7341 185777
КР ЭСКММ караштуу ЖЧӨИОБорбору менен байланыш номерлери
Түз байланыш: 1899
WhatsApp: +996 227550 332
+996 224 550 332