12-сентябрдан 16-сентябрга чейин тоо-кен тармагында Кореяга жумушка орношуу үчүн EPS программасы боюнча кошумча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылат

30 Август 2024
12-сентябрдан 16-сентябрга чейин тоо-кен тармагында Кореяга жумушка орношуу үчүн EPS программасы боюнча кошумча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылат

 

 

 

 

 

 

 

12-сентябрдан 16-сентябрга чейин тоо-кен тармагында Кореяга жумушка орношуу үчүн EPS программасы боюнча кошумча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылат.

Тестке катышуу үчүн www.migrant.kg расмий сайтында катталып, төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыруу керек:

  • gmail.com почтасы менен акаунт;
  • Сүрөт, ак фондо 3,5х4,5 өлчөмүндө, акыркы алты ай ичинде (100-300 пиксел, 15 КБ ашык эмес, JPG формат);
  • Чет элдик паспорт (600 пиксел, өлчөмү 100 КБ);
  • Тестке катышуу үчүн $28 төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын сүрөтү.

Бардык документтер түшүнүктүү жана окула турган болушу керек. Төлөмдүн квитанциясы өзүңүзгө сактап, тестирлөө күнү Борборго тапшырылат. Тестирлөө Бишкек шаарында өтөт.

!!!КӨҢҮЛ буруңуз!Арыз бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат!!!

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар жарандарын бул уникалдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга жана EPS программасынын алкагында тестирлөөгө катышууга чакырат. Бул Корея Республикасында татыктуу жумушка жана кирешеге ээ болуу, ошондой эле билимиңизди жана жөндөмүңүздү жогорулатуу мүмкүнчүлүк берет.

EPS программасы тууралуу кошумча маалыматты www.migrant.kg сайтынан же (0312) 65-02-51 Бишкек, 0(3222) 555 37 Ош телефондору боюнча алсаңыздар болот.