12-сентябрдан 16-сентябрга чейин тоо-кен тармагында Кореяга жумушка орношуу үчүн EPS программасы боюнча кошумча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылат

12 Сентябрь 2024
12-сентябрдан 16-сентябрга чейин тоо-кен тармагында Кореяга жумушка орношуу үчүн EPS программасы боюнча кошумча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору EPS программасы боюнча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылганын маалымдайт. 

 

EPS программасы талапкерлердин корей тилин билүү деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүнү, ошондой эле иш берүүчүлөрдү табууга жана керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүүнү камтыйт.

 

Тестке катышуу үчүн www.migrant.kg расмий сайтында катталып, төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыруу керек:

  • gmail.com почтасы менен акаунт;
  • Сүрөт, ак фондо 3,5х4,5 өлчөмүндө, акыркы алты ай ичинде (JPG формат);
  • Чет элдик паспорт (JPG формат);
  • Тестке катышуу үчүн $28 төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын сүрөтү .

Бардык документтер түшүнүктүү жана окула турган болушу керек. Төлөмдүн квитанциясы өзүңүзгө сактап, тестирлөө күнү Борборго тапшырылат. Каттоодон өтүүдө тиешелүү шилтемени тандоо керек:

 

ШИЛТЕМЕ

 

!!КӨҢҮЛ буруңуз!Арыз бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.

 

 

Банк реквизиттери:

28 АКШ доллар (корей тилин билүү тести учун)

 

Мекеменин аталышы: КР ФМ борбордук казыналыгы

Банктын аталышы: ОАО РСК Банк

Расчеттук счету: 1299005030100020

БИК: 129001

Төлөм коду:14233100

Өздүк эсеп: 4402051102002435

Төлөмдүн максаты: өздүк эсеп: 4402051102002435 корей тилин билүү тестин үчүн (Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору).