- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- 2025-жылдын 20-январдан 23-январга чейин өндүрүш тармагына Корея Республикасына ишке орношуу үчүн EPS-topik программасы боюнча ЖАЛПЫ тестирлөөгө онлайн каттоо ачылды /
2025-жылдын 20-январдан 23-январга чейин өндүрүш тармагына Корея Республикасына ишке орношуу үчүн EPS-topik программасы боюнча ЖАЛПЫ тестирлөөгө онлайн каттоо ачылды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору EPS программасы боюнча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылганын маалымдайт.
EPS-topik программасы талапкерлердин корей тилин билүү деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүнү, ошондой эле иш берүүчүлөрдү табууга жана керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүүнү камтыйт.
Тестке катышуу үчүн www.migrant.kg расмий сайтында катталып, төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыруу керек:
- gmail.com почтасы менен акаунт;
- Сүрөт, ак фондо 3,5х4,5 өлчөмүндө, акыркы алты ай ичинде (JPG формат);
- Чет элдик паспорт (JPG формат);
- Тестке катышуу үчүн $28 төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын сүрөтү .
Бардык документтер түшүнүктүү жана окула турган болушу керек. Төлөмдүн квитанциясы өзүңүзгө сактап, тестирлөө күнү Борборго тапшырылат. Каттоодон өтүүдө тиешелүү шилтемени тандоо керек:
!!КӨҢҮЛ буруңуз!Арыз бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.
Банк реквизиттери:
28 АКШ доллар (корей тилин билүү тести учун)
Мекеменин аталышы: КР ФМ борбордук казыналыгы
Банктын аталышы: ОАО РСК Банк
Расчеттук счету: 1299005030100020
БИК: 129001
Төлөм коду:14233100
Өздүк эсеп: 4402051102002435
Төлөмдүн максаты: өздүк эсеп: 4402051102002435 корей тилин билүү тестин үчүн (Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору).