- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Мигранттар үчүн ресурстук борбору менен биргеликте 2025-жылдын 24-февралынан 28-февралына чейин атайын маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Мигранттар үчүн ресурстук борбору менен биргеликте 2025-жылдын 24-февралынан 28-февралына чейин атайын маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Мигранттар үчүн ресурстук борбору менен биргеликте 2025-жылдын 24-февралынан 28-февралына чейин Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Ак-Суу, Сумбула, Лейлек, Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүндө, Раззаков жана Сүлүктү шаарларында атайын маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Иш-чарага райакимчиликтин, мэриялардын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын тиешелүү кызматкерлери, укук коргоо органдарынын, жаштар комитеттеринин, аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, мектептердин директорлору, социалдык кызматкерлер, участкалык милиционерлер, жергиликтүү жашоочулар жана потенциалдуу эмгек мигранттары катышып, аларга Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруунун эрежелери, коопсуз эмгек миграциясы, жеке иш берүүчү агенттиктер, migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, Россия Федерациясынын аймагындагы миграциялык өзгөрүүлөр ж.б. маселелер боюнча маалыматтар берилди.



