2025-жылдын 30-июнунан тартып Россия Федерациясына кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирет

26 Июнь 2025
2025-жылдын 30-июнунан тартып Россия Федерациясына кирүүнүн жаңы эрежелери  күчүнө кирет

📢 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2025-жылдын 30-июнунан тартып Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн РФга кирүүнүн жана андан чыгуунун жаңы эрежелерин киргизүү боюнча эксперименттин экинчи этабы башталаарын маалымдайт.

Россияга барууну көздөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына жаңы талаптар менен алдын-ала таанышууну жана керектүү документтерди даярдоону сунуштайбыз.

❗️ Кыргыз Республикасынын жарандары эмнелерди билиши керек:

"RuID" тиркемесине катталуу милдеттүү.

🔹 Россияга визасыз режим боюнча кирген бардык адамдар чек арадан өткөнгө чейин 72 сааттан кеч эмес убакытта электрондук каттоодон өтүшү керек.

🔹 Каттоодон кантип өтсө болот:

1.      "RuID" мобилдик тиркемесин орнотуңуз.

2.      Чыгып жаткан өлкөнү, сапардын максатын жана даталарын, бара турган аймактарды көрсөтүңүз.

3.      Биометрикалык маалыматтарыңызды жүктөңүз:

  • жүзүңүздүн сүрөтү;
  • паспортуңуздун сүрөтү;
  • үнүңүздү 3 ирет жаздыруу.

4.      Балдарыңыз менен бара жатсаңыз - эки ата-эне тең балдары тууралуу маалыматтарды киргизиши керек.

🔹 Андан соң:

Россияга кирүүгө чектөөлөрдүн бар же жок (кара тизме) экендиги тууралуу маалыматтар текшерилгенден кийин сизге Россияга кирүүгө электрондук уруксат берилет.

🔹 Өзгөчө абалдарда:

Өзгөчө кырдаалдарда (шашылыш дарылануу, катуу оору, жакын адамынын өлүмү) арыз кирүүдөн 4 саат мурун берилиши мүмкүн.

🔹 Кошумча:

"RuID" тиркемеси чет өлкөлүктөр үчүн РФнын "Госуслуги" порталынын аналогу болуп саналат жана келечекте төмөнкүлөргө шарт түзөт:

✔️ СНИЛСти тариздөө;
✔️ ДМС полисин алуу;
✔️ Россиянын SIM-карталарын алуу;
✔️ Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн онлайн пайдалануу.

‼️ Чек арадан өтүүдө көйгөйлөргө кабылып калбоо үчүн жаңы тартиптер менен алдын-ала таанышууну сунуштайбыз.

📺 Жаңы эрежелер боюнча видео материалдар: 👉  YouTube