Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

11 Июль 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2024-жылдын 11-июлунда Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда (ЖЧӨИОБ) Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) өкүлдөрү менен маанилүү жолугушуу өткөрүлдү.  

Жыйында буга чейинки кызматташуунун жыйынтыктары, коопсуз миграцияны өркүндөтүү максатында 2024-жылы аткарылуучу иш-чаралар талкууланды. 

ЖЧӨИОБдун директору  Б.Э.Кудайбердиев саламдашуу сөзүндө миграциялык процесстерге байланышкан маселелерди чечүүдө Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун өкүлү Голда Мира Рома эмгек мигранттары үчүн шартарды жакшыртууга, аларды укуктук жактан коргоо деңгээлин жогорулатууга жана маалыматтык колдоону өркүндөтүүгө багытталган долбоорлор жана демилгелер тууралуу айтып берди.  

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга жана алдыга коюлган максаттарга жетүүгө ишеничтерин билдиришти. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө баа берүү жана байкоо жүргүзүү максатында тез-тез жолугушуп туруу зарылдыгын белгилешти.   

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчилиги жолугушуунун бардык катышуучуларына конструктивдүү баарлашуу үчүн ыраазылык билдирди.