Жарандардын чет өлкөгө чыгууда финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча семинар

28 Июль 2025
Жарандардын чет өлкөгө чыгууда финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча семинар

💬 «Чет өлкөгө чыгып жаткан жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн финансылык сабаттуулук канчалык маанилүү? Ал эми лицензиясы бар жеке иш менен камсыздоо агенттиктери (ЖИА) чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарга туура чечим кабыл алууга кантип жардам бере алышат?»

21-июлунда Бишкек шаарында лицензиясы бар жеке иш менен камсыздоо агенттиктери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча мазмундуу семинар-тренинг өттү. ЖИАлар өз ишинде чет өлкөгө чыгып жаткан жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү менен түздөн-түз иш алып барышат.

📣 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү катышып, жарандарды чет өлкөдө иштөөгө даярдоо маселеси, анын ичинде финансылык сабаттуулук – Борбордун коопсуз жана мыйзамдуу миграцияны камсыздоого багытталган комплекстүү ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилешти.

📌 Тренингдин максаты - жөн гана билим берүү эмес, ЖИА өкүлдөрүнүн көңүлүн жарандарды чет өлкөгө кетүүгө даярдоодо финансылык сабаттуулуктун маанисине буруу.

🔍 Интерактивдүү сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн чет жакка чыгып жаткан жарандын ордуна коюп көрүштү - чет жерде кандай кыйынчылыктарга туш болушарын сезип, ошол эле учурда бул этапка туура пландаштыруунун маанилүүлүгүн түшүнүштү.

📚 Катышуучулар реалдуу окуялар жана кыйынчылыктар аркылуу төмөнкү темаларды талкуулашты:
🔹 Эмне үчүн финансылык сабаттуулук чет жакка чыгуу алдында маанилүү?
🔹 Чет өлкөгө чыгуу канча чыгым талап кылат?
🔹 Бюджетти кантип туура пландаса болот?
🔹 Финансылык кызматтар жана продуктылар менен кантип пайдалануу керек?
🔹 Гендердик аспектиндеги финансылык сабаттуулук

 

🤝 Катышуучулар суроолорду берип, тажрыйба бөлүшүп, финансылык сабаттуулук боюнча жаңыланган маалыматтарды алышты.

📌 Семинар Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган “Эмгек миграциясы боюнча программа – Борбордук Азия, I-фаза” долбоорунун алкагында уюштурулду.