ISO 9001 стандарты боюнча семинар: ЖИАлар үчүн кызмат сапатын жогорулатуу куралы

28 Июль 2025
ISO 9001 стандарты боюнча семинар: ЖИАлар үчүн кызмат сапатын жогорулатуу куралы

⭐️ISO 9001 сапатты башкаруу стандарты боюнча сертификация – бул лицензиясы бар жеке иш менен камсыздоо агенттиктери (ЖИКА) үчүн практикалык курал.

Бул стандарт жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана өркүндөтүүгө көмөктөшөт.

📌ЖИКА үчүн бул маанилүү, анткени:
– мындай талаптар көп учурда лицензия алуу шарттарына кирет;
– сертификация кардарлардын жана өнөктөштөрдүн ишенимин арттырат;
– агенттиктин ишин башкарууга жана жыйынтыктарды көзөмөлдөөгө жардам берген түшүнүктүү система пайда болот.

Бүгүн ЖИКА үчүн уюштурулган семинарда ISO 9001 стандартынын практикалык колдонулушу, агенттиктер туш болгон кыйынчылыктар жана стандартты колдонуу менен алынган оң натыйжалар тууралуу айтылды.

ISO 9001 боюнча сертификация – кызмат сапатын жакшыртууга карай туруктуу жана түшүнүктүү иштин бир кадамы.

🔹Семинар Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ)  тарабынан “Эмгектик миграция программасы – Борбор Азия, I-фаза” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Бул долбоор Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Кыргызстандарт, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана ЭСКММ караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен өнөктөштүктө уюштурулду.