- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- «Жылдын мыкты жумушка орноштуруучу жеке агенттиги» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү /
«Жылдын мыкты жумушка орноштуруучу жеке агенттиги» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү
Жыл сайын 18-декабрда белгиленүүчү Мигранттардын эл аралык күнүнүн алдында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары - Борбор) Эл аралык миграция саясатын өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу менен өлкөлөр боюнча «Жылдын мыкты жумушка орноштуруучу жеке агенттиги» сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрдү.
Бул сыйлык Борбор тарабынан эмгек миграциясы чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту илгерилетүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын алдында жогорку кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти көрсөткөн жумушка орноштуруучу жеке агенттиктерди колдоого багытталган жаңы жылдык демилгенин алкагында негизделди.
Жумушка орноштуруучу жеке агенттиктердин ишмердүүлүгү коопсуз, мыйзамдуу жана натыйжалуу эмгек миграциясын камсыздоого кошкон чыныгы салымын чагылдырган негизги көрсөткүчтөрдүн жыйындысы боюнча бааланды. Негизги критерийлер катарында отчеттук мезгилде жумушка орноштурулган жарандардын саны, жумуш издөөчүлөрдөн, чет өлкөлүк иш берүүчүлөрдөн жана мамлекеттик органдардан даттануулардын жоктугу, Кыргыз Республикасынын жана жумушка орношкон өлкөлөрдүн мыйзамдарын сактоо, жарандарды жумушка орноштуруунун бардык баскычтарында сапаттуу коштоп жүрүү, кесиптик абройдун, тастыкталган тажрыйбанын жана сертификаттардын болушу, ошондой эле окуу программаларына, тренингдерге жана семинарларга активдүү катышуу камтылды.
Баалоонун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жумушка орноштуруучу ар түрдүү өлкөлөр көрсөтүлгөн «Мыкты жумушка орноштуруу жеке агенттиги» эстелик белгилери жана Борбордун ыраазычылык каттары тапшырылды.
Мындан тышкары, эмгек мигранттарын коштоп жүрүүдө инновациялык ыкмаларды колдонгон, кардарлардын канааттануусунун жогорку деңгээлин камсыздаган, эмгек миграциясынын эл аралык стандарттарын сактаган жана жыл бою туруктуу, сапаттуу жыйынтыктарды көрсөткөн жумушка орноштуруу жеке агенттиктери да ыраазычылык каттар менен белгиленди.
Борбор бул сыйлык тапшыруу аземи Мигранттардын эл аралык күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу иш-чарага айланарын белгилейт.













