Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын ЭММКАКты тарабынан уюштурулган мыйзамсыз миграция каналдарына бөгөт кою боюнча биргелешкен иш-чара

20 Ноябрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын ЭММКАКты тарабынан уюштурулган мыйзамсыз миграция каналдарына бөгөт кою боюнча биргелешкен иш-чара

2025-жылдын 18 жана 19-ноябрында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын ЭММКАКнын кызматкерлери менен биргеликте, чарба  Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз ишке орноштуруу боюнча, тарабынан тиешелүү уруксаты жок иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттер, юридикалык жана физикалык жактарды аныктоо максатында, биргелешкен рейд жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз миграция каналдары аныкталып, бөгөт коюлду. Текшерүү натыйжасында  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине ылайык (“жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш”) 5 (беш) административдик протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына чет өлкөдө легалдуу түрдө ишке орношуу тартиби тууралуу, ошондой эле сырттагы  ишке миграциясына байланыштуу нормативдик-укуктук актылар менен тааныштыруучу түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Борбор чарба жүргүзүүчү субъекттерди, юридикалык жана жеке жактарды эскертет: Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берилген расмий уруксаттын болушу — мыйзамдын талабы.

Кыргыз Республикасынын жарандарына Борбор сак болууга жана жоопкерчиликтүү болууга, ошондой эле чет өлкөдө иш сунуштап жаткан компаниялардын жана жеке адамдардын тиешелүү уруксат документтерин текшерүүнү сунуштайт.

Агенттиктердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Борбордун расмий сайтына кайрылсаңыз болот: https://migrant.kg