Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2024-жылдын тоо-кен тармагына SKILLS-TEST тестирлөөнүн экинчи этабынын графиги жана биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн (EPS-Topik)талапкерлердин тизмеси

11 Октябрь 2024
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2024-жылдын тоо-кен тармагына SKILLS-TEST тестирлөөнүн экинчи этабынын графиги жана биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн (EPS-Topik)талапкерлердин тизмеси

2024-жылдын биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 19-октябрда Бишкек шаары, Кривоносова көчөсү, 208  https://go.2gis.com/drjgu дареги боюнча корей тилин билүү боюнча тоо-кен тармагына Skills-Test тестирлөө өткөрүлөт.

 

ТИЗМЕ


Skills Test - Корея Республикасында уюштурулган ишке орноштуруу программасынын милдеттүү этабы.

Тестирлөө төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., Кривоносова көчөсү 208. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (РПОБМ) графикке жана ырааттамага ылайык жүргүзүлөт.

 

Жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорттун түп нускасын көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын жарандары тестирлөөгө катыша алышат.

Көңүл бургула,  биринчи этаптан ийгиликтүү өткөндөргө кошумча упай алуу мүмкүнчүлүгү берилгенин билдиребиз. Бул үчүн, сиз төмөнкү документтерди тапшырышыңыз керек:

  • Орто атайын же жогорку билими тууралуу диплом – 1 балл.
  • Квалификациясын тастыктаган сертификаттар – 1 балл.
  • Тоо-кен тармагында чөйрөсүндө иш тажрыйбасын ырастоочу документтер (эмгек китепчеси) - 3 балл

 

Кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн баалоо бардык керектүү документтерди тапшырган талапкерлер үчүн гана жүргүзүлөт.

Маанилүү:  2024-жылдын 15-октябрга чейин документтер ctgr3010@gmail.com электрондук почтасы белгиленген мөөнөттө жөнөтүү керек.