2025 - жылдын өндүрүш тармагына корей тилин билүү үчүн тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жарандардын тизмеси

01 Май 2025
2025 - жылдын өндүрүш тармагына корей тилин билүү үчүн тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жарандардын тизмеси

2025-жылы өндүрүш тармагына корей тилин билүү үчүн тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жарандар Корея Республикасына ишке орношуу Реестрине катталуу үчүн документтерди Маалымдайбыз, 2025-жылдын 12-16-май күндөрү аралыгында төмөнкү документтерди чогултуу зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен алынган соттолбогондугу тууралуу маалымкат
    Алуу даректери:

Бишкек шаары, Курманджан Датка көчөсү, 115

Ош шаары, Ленин көчөсү, 199

  • Demir Bank банкы аркылуу ачылган АКШ долларындагы эсеп (расчетный счет);
  • Медициналык маалымкаттар: медициналык кароодон өтүү;
  • Сүрөт 3,5х4,5 (2 даана) ак фондо кара кийим;
  • Паспорттун ( ID жана чет өлкөлүк) түстүү көчүрмөлөрү;
  • Изденүүчүлөрдүн реестрине каттоо үчүн 300 сом төлөгөндүгү тууралуу квитанция “РСК Банк” (Элдик Банк)

📌 Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык кароодон өтүүчү конкреттүү борборлор тууралуу маалымат кошумча берилет. Суранабыз, жаңылыктарды www.migrant.kg сайтындагы «Жаңылыктар» бөлүмүнөн жана биздин расмий Instagram баракчабыздан — @info.migrant.kg көзөмөлдөп туруңуздар.

 

ТИЗМЕ

 

 

300 сом чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн «РСК банк» (Элдик банк) аркылуу

Алуучу:

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору

ИНН:

03010200210058

Банк:

КР МФКнын Борбордук казыналыгы

БИК:

440001

Өздүк эсеп:

4402051102002435

Төлөм коду:

14233100

Төлөмдүн максаты:

Чет өлкөдө жумушка орноштурууга көмөктөшүү (үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору)

 

📥 Документтердин толук пакети кабыл алуу:

  • Бишкек шаары, Токтогул көч., 237 2025-жылдын 20-21-майына чейин 
  • Ош шаары,  Ленин көч., 221 2025-жылдын 22-23-майына чейин.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!