Борбор онлайн каттоо аяктагандыгын жана HOPS операторунун тандоосунун кийинки этабы онлайн тестирлөө башталганын жарыялайт

18 Февраль 2025
Борбор онлайн каттоо аяктагандыгын жана HOPS операторунун тандоосунун кийинки этабы онлайн тестирлөө башталганын жарыялайт

📅 17-февраль 2025-жыл күнү HOPS Labour Solutions Ltd (HOPS) оператору аркылуу Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо жүргүзүлдү. Каттоого 33 509 адам катышты.

 

Маанилүү! Онлайн каттоо кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт – бул талапкерлердин кызыкдар экендигин гана тастыктайт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору төмөнкү тандоо этаптары башталганын жарыялайт:

📅 21 – 23-февраль 2025-жылHOPS оператору тарабынан онлайн-тестирлөө.
📩 Тестирлөөгө чакыруу бир гана тандалып алынган талапкерлерге электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Почтаңызды, анын ичинде “Спам” папкасын да текшерип туруңуз.

📅 Кийинки этап – офлайн маектешүү HOPS өкүлдөрү менен.

📌 Эгерде сиз офлайн маектешүүгө чакыруу албасаңыз, анда сиз онлайн тестирлөөдөн өтпөй калдыңыз дегенди билдирет.

📢 Жаңылыктарды расмий булактардан көзөмөлдөп туруңуз!