- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- 🚨 БОРБОР ЭСКЕРТЕТ: КӨҢҮЛ БУРГУЛА! АЛДАМЧЫЛАР ЖАРАНДАРДЫ АЛДОО ҮЧҮН ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ (ИИ) КОЛДОНУШУУДА! /
🚨 БОРБОР ЭСКЕРТЕТ: КӨҢҮЛ БУРГУЛА! АЛДАМЧЫЛАР ЖАРАНДАРДЫ АЛДОО ҮЧҮН ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ (ИИ) КОЛДОНУШУУДА!

📌 КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды чет өлкөдө коопсуз ишке орношуу эрежелери тууралуу маалымдап, алдамчылык коркунучтары жөнүндө эскертет.
Акыркы учурда Европада, Канадада, АКШ жана Улуу Британияда “ишке оңой орноштурабыз” деп убадалаган алдамчылардын саны көбөйдү. Алар “Milky Way” шоколад фабрикаларында, “Coca-Cola”, “Pepsi” заводдорунда, “Adidas”, “Puma”, “Nike”, “IKEA”, “Volkswagen” жана башка белгилүү бренддердин кампаларында “жогорку айлык акы” жана “жаш курагын чектөөсүз” жумуштарды убада кылып алдашууда.
⚠️ Азыр алдамчылар Жасалма интеллект (ИИ) жана жаңы айла-амалдарды колдонушат:
– Нейротарамдар аркылуу “расмий” сүрөт жана документтерди жасоо менен лицензияларды жасалмалоодо.
– “Тезирээк орун албасаң, орун калбайт” деген жарыялар менен эмоциялдык басым кылууда.
– Интернеттен табылган жасалма паспорттор менен “ырастоо” жөнөтүшүүдө.
– +44 (Англия), +1 (АКШ, Канада) сыяктуу номерлерди колдонуп “расмий” көрүнүүгө аракеттенишет.
– Оңой кетүү жана жогорку айлык убадасы менен үмүт жана коркунуч сезимине басым жасашат.
❌ Эстеп калыңыз:
– Канадага жана АКШга Борбор же агенттиктер жумушка жибербейт.
– Чет өлкөдө иштөөгө жаш курак чектөөлөрү бар, анткени жумуш физикалык күчтү талап кылат.
– “Тез брондоо” үчүн акча талап кылуу – алдамчылардын биринчи амалдарынын бири.
Польшада, Германияда, Венгрияда, Хорватияда жана башка Европа өлкөлөрүндө иштөө үчүн жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна ээ болгон гана жеке агенттиктерге кайрылыңыз.
✅ Агенттиктердин тизмеси:
🔗 migrant.kg сайтынан караңыз
Жеке ишке орноштуруу агенттиктери (ЖИА) Борбордун расмий уруксаты (лицензиясы) менен гана иштейт жана жарандарга жумуш табууда, документтерди даярдоодо жана эмгек келишимдерин түзүүдө жардам берет.
Агенттикти текшерүү үчүн:
🔹 migrant.kg сайтындагы “Жеке агенттиктер” бөлүмүнөн уруксатын текшериңиз;
🔹 Лицензиянын мөөнөтүн караңыз;
🔹 Агенттиктин байланыштарын Борбордун расмий сайтындагы маалыматтар менен салыштырыңыз.
✅ Өзүңүздү кантип коргой аласыз:
🚫 Telegram жана Instagram'дагы “оңой жумуш” деген жарыяларга ишенбеңиз – бул социалдык тарамдар аркылуу жасалган акча төлөнгөн жарнама.
🚫 Мессенджерлердеги “менеджерлерге” акча которбоңуз.
🚫 WhatsApp’тагы “лицензияларга” ишенбеңиз – аларды нейросет аркылуу оңой эле жасалмалоого болот.
✅ Бардык маалыматты migrant.kg сайтынан жана Борбордун расмий баракчаларынан гана текшериңиз.
Сиздин чет өлкөдөгү келечегиңиз коопсуздуктан жана легалдуулуктан башталат.
Акчаңызды жана нервиңизди сактаңыз – алдамчыларга алданбаңыз.



