- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Борбор Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында ишке орношуу үчүн маектешүүгө чакырат /
Борбор Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында ишке орношуу үчүн маектешүүгө чакырат
Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында иштөөнү каалаган жарандар 2026-жылдын 13-январында Бишкек шаарында өтө турган бетме-бет маектешүүгө катышууга чакырылат.
Маектешүү төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер үчүн өткөрүлөт:
- жаш курагы 18ден 35 жаштагылар;
- түрк, англис же башка чет тилин билүү;
- массажист (сертификаты бар), ашпозчу жана пляж куткаруучулары адистиктери боюнча талапкерлер каралат.
Маектешүүнүн өтүү күнү, убактысы жана жери:
📅 Дата: 2026-жылдын 13-январы
⏰ Убактысы: 09:00
📍 Жери: Бишкек ш., Медеров көч., 115
🏨 Garden Hotel ( «Гарден» мейманканасы, Бишкек)
👔 Дресс-код: иштиктүү / тыкан
📄 Өзүңүз менен төмөнкүлөрдү кошо ала келүү зарыл:
- сүрөтү бар резюме;
- 3,5 х 4,5 өлчөмүндөгү сүрөт;
- жалпы жарандык паспорт.
Маектешүүгө катышуу Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында мындан аркы мыйзамдуу жана уюшкан түрдө ишке орношуу үчүн тандоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Маанилүү маалымат:
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматтары толугу менен акысыз көрсөтүлөт.
Талапкерлерден ортомчулук кызматтар үчүн эч кандай акы алынбайт.
Төлөмдөр визалык жол-жоболордун алкагында гана жүргүзүлөт, кошумча же жашыруун төлөмдөр каралган эмес.
Каттоодон өткөн талапкерлерди тандоо түркиялык иш берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.