Борбор 2024-жылдын 15-октябрында Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына www.migrant.kg сайт аркылуу онлайн каттоо ачыларын билдирет

14 Октябрь 2024
Борбор 2024-жылдын 15-октябрында Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына www.migrant.kg сайт аркылуу онлайн каттоо ачыларын билдирет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына migrant.kg сайт аркылуу 2024-жылдын 15-октябрында онлайн каттоо ачыларын маалымдайт.

Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген оператор аныктаган өтүнмөлөрдүн керектүү саны толгондо каттоо автоматтык түрдө жабылат.

Катталган талапкерлер үчүн аңгемелешүү октябрь айынын ортосунда Бишкек шаарында өтөт.

Ийгиликтүү катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорту жана электрондук почтага кирүү мүмкүндүгү болушу керек.

Талапкерлердин критерийлери: 18 жаштан 45 жашка чейинки курак, орус тилин билүү, ошондой эле ден соолугу чың жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу керек.

 

📌Эсиңизде болсун Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт! ❗❗❗Улуу Британияда сезондук жумушка орноштурууга акча талап кылган коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!