- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Борбор иш жүргүзүү укугуна берилген уруксаттарын кайра күчүнө киргизилгендигин маалымдайт /
Борбор иш жүргүзүү укугуна берилген уруксаттарын кайра күчүнө киргизилгендигин маалымдайт
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Рамай Саякат», «Голден Ворк Тревел», «Аска Тревел», «Айрис Тревел» жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин буга чейин убактылуу токтотулган Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүү укугуна берилген уруксаттарын кайра күчүнө киргизилгендигин маалымдайт.
Уруксаттарды кайра күчүнө киргизүү чечими, агенттиктер тарабынан бузуулар четтетилгендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүү укугуна уруксат берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна келип түшкөн тиешелүү документтердин негизинде кабыл алынды.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүү укугун уруксат алуу жана тышкы эмгек миграциясы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо аркылуу гана жүргүзүү зарылдыгын эскертет.