- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Борбор Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине онлайн каттоо 21-майында ачыларын жарыялайт /
Борбор Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине онлайн каттоо 21-майында ачыларын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «HOPS Labour Solutions Ltd» (HOPS) оператору аркылуу Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо жакында ачыларын маалымдайт
Тандоо этаптары:
- Онлайн каттоо 2025-жылдын 21-майда саат 14:00 – 19:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча) ачылат.
HOPS каттоо системасына шилтеме төмөнкү платформаларда жарыяланат:- HOPS расмий сайты – https://www.hopslaboursolutions.com/recruitment-instructions.
- Борбордун расмий сайты – www.migrant.kg;
- Instagram баракчасы – info.migrant.kg;
Каттоодон ийгиликтүү өтүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- Gmail электрондук почтасы (дарек паспорттогу аты-жөнүңүзгө дал келиши керек);
Маанилүү! Онлайн каттоо кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт – бул сиздин кызыкдар экениңизди гана тастыктайт.
- Онлайн тестирлөө HOPS оператору тарабынан 2025-жылдын 26-27-майында өткөрүлөт.
Тестирлөөнүн деталдары тандалып алынган талапкерлерге электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Почтаңызды, анын ичинде "Спам" папкасын текшерип туруңуз.
- Офлайн маектешүү HOPS өкүлдөрү тарабынан 5-9-июнда өткөрүлөт.
Эгерде онлайн тестирлөөдөн кийин офлайн маектешүүгө чакыруу албасаңыз, бул сиздин тесттен өтпөй калганыңызды билдирет.
Катышуучулар үчүн талаптар:
✔ Жаш курагы: 18 жаштан жогору;
✔ Орус тилин жакшы деңгээлде билүү;
✔ Канааттандырарлык физикалык жана психологиялык абал.
✔ HOPS аялдардын дагы кайрылууларын кубаттайт.
X Эгерде сиз буга чейин Улуу Британияда HOPS аркылуу иштеген болсоңуз, анда билдирме берүүнүн кажети жок.
Бардык баскычтардан ийгиликтүү өткөндөр ушул жылдан тартып, 2026-жылдын 1-кварталынын аягына чейин сезондук жумушка чакыруу алышат.
Иштөө шарттары:
💰 Сааттык эмгек акы – 12.21 фунт стерлинг;
📅 Кепилденген жумуш убактысы – жумасына 32 саат;
🛂 Виза төлөмү – 319 фунт стерлинг;
✈ Авиабилеттин баасы валюта курсуна жана сатып алуу учуруна жараша болот.
Маанилүү! Тандоо процессин HOPS толугу менен өзү жүргүзөт. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.
📢Сезондук жумуш программасы боюнча ишке орношуу – толугу менен акысыз!
⚠ Шылуундардан жана акча талап кылган коммерциялык компаниялардан сак болуңуз!