Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган-жоктугун текшерүү жолдору жөнүндө тууралуу маалымат

12 Август 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган-жоктугун текшерүү жолдору жөнүндө тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары — Борбор) Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясына кирүүгө чектөөлөр боюнча өз алдынча текшерүүнүн жеткиликтүү жолдору жөнүндө маалымдайт жана мыйзамдарды айланып өтүү аракеттерине жол берилбестигин эскертет. 

 

🔍Кирүүгө тыюунун бар же жок экендигин кантип текшерүүгө болот:

  1. Борбордун сайты аркылуу:
    www.migrant.kg сайтына кирип, «Кара тизме» бөлүмүнө өтүңүз, форманы толтуруңуз жана жоопту онлайн алыңыз (аты-жөнүңүздү жалпы жарандык жана ID паспорттор боюнча кайталап текшериңиз).
  2. Migrant.kg мобилдик тиркемеси аркылуу:
    Google Play жана App Store дүкөндөрүнөн жүктөп алсаңыз болот.
  3. Борборго жеке кайрылуу аркылуу:
  • Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237 (Жаш Гвардия бульвары менен кесилишет)
  • Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 128

 

⚠️Россия Федерациясынын «кара тизмесине» түшүүнүн себептери:

  • РФнын миграциялык мыйзамдарын бузуу:
    • убагында каттоого турбоо;
    • болуу мөөнөтүн ашыруу;
    • уруксаты жок иштөө;
  • РФнын административдик же кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу;
  • Документтерди жасалмалоого аракеттенүү же жалган маалымат берүү ж.б.

 

🛑 Мыйзам бузгандарга административдик, ал эми айрым учурда — кылмыш жоопкерчилиги колдонулат.

 

ℹ️ Тыюунун себебин кантип тактоо керек:
Эгер жаранга РФга кирүүгө тыюу салуу чечими чыгарылса, ал чектөө мөөнөтү аяктагандан кийин же сотко чейинки/сот тартибинде жокко чыгарылгандан кийин гана чек арадан өтө алат.

📎 Расмий жооп алуу үчүн РФ ИИМнин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына тиешелүү арыз менен кайрылуу керек (ишеним кат аркылуу өкүл аркылуу да кайрылса болот).

📨 Электрондук кайрылууну төмөнкү шилтеме аркылуу берсеңиз болот:
👉 https://мвд.рф/request_main

🧾 Арызга сурама кат берилген чет өлкөлүк жарандын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи тиркелет.

📚 Булак: https://visasam.ru/news/vezd-v-rossiyu-iz-kirgizii.html

 

Борбор сунуштайт:

  • РФга кирүүгө тыюуну www.migrant.kg сайтынан текшериңиз;
  • Документтерди үчүнчү жактарга бербеңиз;
  • Тыюуну айланып өтүүгө аракет кылбаңыз — бул абалды оорлотот;
  • Расмий гана булактарды колдонуңуз.

 

📞 Борбордун “Түз байланышы”: +996 559 189 900
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү:
119180, Москва ш., Малая Полянка көч., 7, стр. 5
Тел.: +7 495 197 76 71

Түз байланыш: +7 925 030 26 27
Эл. почта: pred.mtsom@mail.ru