- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакия Республикасында иштөө үчүн автобус айдоочуларын кошумча кабыл алууну жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакия Республикасында иштөө үчүн автобус айдоочуларын кошумча кабыл алууну жарыялайт
22 Сентябрь 2025

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакиянын «INDEX NOSLUS (ИНДЕКС НОСЛУШ)» агенттиги менен кызматташтык келишиминин алкагында жана жарандардын көптөгөн кайрылууларына ылайык, Словакия Республикасына автобус айдоочулары боюнча кошумча каттоо ачылганын жарыялайт.
Көңүл буруңуздар! Талапкерлер сөзсүз түрдө 2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында оффлайн-маектешүүгө жеке катышуулары керек. Каттоодон өткөндөн кийин талапкерлердин электрондук почтасына биринчи этаптагы тестирлөөнүн убактысы жана өткөрүлүүчү жери тууралуу маалымат жөнөтүлөт.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
- жаш курагы 22ден 50 жашка чейин;
- «D» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болушу;
- соттуулугу жок болушу;
- өнөкөт оорулары болбоосу;
- 2027-жылга чейин жарактуу чет өлкөлүк паспорту болушу;
- жүргүнчүлөрдү ташуу тажрыйбасы артыкчылык катары эсептелет.
Каттоо үчүн төмөнкү маалыматтарды берүү зарыл:
- ФИО (латиница менен так жазылышы керек);
- чет өлкөлүк паспорттун сүрөтү жана номери (PE же AC менен башталуучу);
- электрондук почта дареги;
- айдоочулук күбөлүктүн категориясы (D);
- байланыш телефону;
- кошумча суроолорго жооптор (каттоо учурунда жөнөтүлөт).