Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору корей тилин билүү боюнча тесттин экинчи этабы Skills Test, өткөрүлө турган дарегин жана графигин жарыялайт

24 Март 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору корей тилин билүү боюнча тесттин экинчи этабы Skills Test, өткөрүлө турган дарегин жана графигин жарыялайт

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тестирлөөнүн Skills-Test экинчи этабын жарыялайт.

📍 2025-жылдын 19-20-апрелинде Бишкек шаарында корей тилин билүү боюнча сынактын биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн жарандар үчүн Skills-Testтин экинчи этап өтөт.

 📌 Skills-Test Корея Республикасында уюштурулган ишке орноштуруу программасынын милдеттүү этабы болуп саналат.

Тестирлөө төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт: 

Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи, көч. Горький, бекитилген график боюнча 18 дареги боюнча бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт. 

(https://2gis.kg/bishkek/firm/70000001019348944)

 

ТИЗМЕ

 

🌐 Катышуучулардын тизмеси www.migrant.kg сайтынын "Жаңылыктар" бөлүмүндө.

 

Катышуучулар үчүн маанилүү маалымат:

✅ Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү документтерди көрсөткөндө гана катыша алышат:

• Жалпы жарандык (загран) паспорттун түп нускасы (ички паспорт же телефонго эл аралык паспорттун сүрөтү кабыл алынбайт).

 

📅 Тесттин графиги:

• Тестирлөөнүн датасы жана убактысы белгиленген графикке ылайык тизмеде көрсөтүлөт.

• Катышуучу белгиленген убакытка кечигип калса, ал тестке киргизилбейт!!!

 

❗ МААНИЛҮҮ: 

🚦 Мүмкүн болгон унаа тыгындарынан улам тестирлөө өтүүчү жерге чейинки маршрутту алдын ала пландаштырып коюуңуздарды суранабыз.

🔄 Тестке өз убагында келүү үчүн альтернативдүү маршруттарды тандап, мүмкүн болгон кечигүүнү эске алууну сунуштайбыз.

 

Кошумча упайлар

Кошумча упайларды алуу үчүн төмөнкү документтердин сүрөтүн же скан көчүрмөсүн ctgr30102002@gmail.com электрондук дарегине 10-апрелге чейин жөнөтүңүздөр:

🔹 Орто-кесиптик же жогорку билими тууралуу диплом (өндүрүш тармагына байланыштуу) – 1 упай.
🔹 Квалификацияны тастыктаган сертификаттар – 1 упай.
🔹 Өндүрүш тармагында иштеген тажрыйбаны тастыктаган документтер (эмгек китепчеси) – 3 упай.

Маанилүү! Бардык документтер өндүрүш тармагы менен түз байланыштуу болушу керек.

 

❗ Кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн баалоо бардык керектүү документтерди түп нускада берген талапкерлер үчүн гана жүргүзүлөт.

 

Кошумча маалыматты www.migrant.kg сайтынан же Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан алса болот.