- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Нарын жана Каракол шаарларында "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Нарын жана Каракол шаарларында "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Тилектештик” борборунун колдоосу менен Нарын жана Каракол шаарларында Коопсуз миграция кербени өткөрүлөрүн маалымдайт.
👥 Катышуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
— Түштүк Корея, Улуу Британия, Германия, Түркия жана Европанын башка өлкөлөрүндөгү бош жумуш орундар тууралуу актуалдуу маалымат алуу;
— лицензияланган жеке ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу чет өлкөдө ишке орношуу этаптары боюнча консультация алуу;
— Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун кызматтары тууралуу маалымат алуу;
— чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылыктын алдын алуу.
Жайкы жумуштар программасынын алкагында студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча кошумча маалымат берилет.
Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасындагы EPS Center өкүлдөрү катышып, Түштүк Кореяда EPS программасы аркылуу ишке орношуу тууралуу кеңири маалымат беришет, анын ичинде:
📌 EPS-TOPIK экзамени деген эмне жана ал ишке орношууга кандай таасир этет;
📌 экзаменге кантип даярдануу жана кандай тил талаптары бар;
📌 EPS программасынын алкагында виза алуу жана ишке орношуу процесси кандай өтөт.
📲 Жаңылыктарды көзөмөлдөп туруңуз: Instagram — info.migrant.kg
