Жарандарды чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда 2025-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди кайрадан каттоо ачылганын жарыялайт

13 Ноябрь 2024
Жарандарды чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда 2025-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди кайрадан каттоо ачылганын жарыялайт

Борбор Улуу Британияда 2025-жылга сезондук айыл чарба жумуштары үчүн ишке орноштуруу программасына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайрадан каттоо ачылганын жарыялайт. Бул программанын алкагында, айыл чарба тармагында ишке орношууга кызыккандар төмөнкү шилтеме аркылуу каттоодон өтө алат: 

 

ШИЛТЕМЕ

 

Талапкерлерге коюлган талаптар:

• 18 жаштан 45 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары;

• бул программага биринчи жолу катышып жаткан жарандар үчүн;

• айыл чарба шарттарында физикалык активдүү иштөөгө даяр адамдар;

• 2026-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорттун болушу зарыл.

 

Каттоого коюлган талаптар:

 

1. Толук аты (фамилиясы, аты, атасынын аты), латынча;

2. Чет элдик паспорттун номери жана сүрөтү (РЕ же АС дан башталат);

3. Ак фондо жүзүңүздүн сүрөтүн жүктөңүз;

4. Электрондук почта (gmail.com менен бүтүш керек);

5. Байланыш телефон номери;

6. Кошумча суроолорго жооп берүү.

 

МААНИЛҮҮ!

 

Ортомчулардын кызматынан пайдаланган адамдар автоматтык түрдө тандалгандардын тизмесинен чыгарылат.

 

Катталган талапкерлер британиялык "HOPS" оператору тарабынан тандалып алынат, андан кийин талапкерлердин электрондук почтасына кыймыл инструкциясы жөнөтүлөт.