Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Жалал-Абад облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

08 Сентябрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Жалал-Абад облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (Борбор) Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу менен Жалал-Абад облусунда «Коопсуз миграция кербенинин» алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн маалымдайт.

⚠ Башка облустар боюнча маалыматтарды Борбордун *Instagram – info.migrant.kg* расмий баракчасынан караңыз.

📌 Иш-чараларга лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктердин катышуусунда, кызмат көрсөтүү, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар боюнча актуалдуу жумуш орундарын сунушташат.

👥 Катышуучулар төмөнкүлөрдү ала алышат:
* Корея Республикасы, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка Европа өлкөлөрүндөгү актуалдуу бош орундар тууралуу маалымат;
* Чет өлкөдө расмий ишке орношуу этаптары боюнча лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктеринен кеңештер;
* Эмгек мыйзамдары жана расмий ишке орношуу боюнча юридикалык консультациялар.

📲 Жаңылыктарды *Instagram — info.migrant.kg* барагынан окуңуз.