- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ысык-Көл облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ысык-Көл облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (Борбор) Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу менен Ысык-Көл облусунда «Коопсуз миграция кербенинин» алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн маалымдайт.
⚠ Башка облустар боюнча маалыматтарды Борбордун Instagram – info.migrant.kg расмий баракчасынан караңыз.
📌 Иш-чараларга лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктердин катышуусунда, кызмат көрсөтүү, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар боюнча актуалдуу жумуш орундарын сунушташат.
👥 Катышуучулар төмөнкүлөрдү ала алышат:
* Корея Республикасы, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка Европа өлкөлөрүндөгү актуалдуу бош орундар тууралуу маалымат;
* Чет өлкөдө расмий ишке орношуу этаптары боюнча лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктеринен кеңештер;
* Эмгек мыйзамдары жана расмий ишке орношуу боюнча юридикалык консультациялар.
Мындан тышкары, иш-чарага Кыргыз Республикасындагы EPS борборунун өкүлдөрү да катышып, EPS программасы аркылуу Түштүк Кореяга ишке орношуу тууралуу кеңири маалымат беришет, анын ичинде:
📌EPS-TOPIK экзамен туралуу деген эмне;
📌экзаменге кантип даярдануу керек жана кайсы тилдик талаптарды эске алуу зарыл;
📌EPS программасы аркылуу ишке орношууга документ тапшыруу процесси кандай өтөт.
📲 Жаңылыктарды *Instagram — info.migrant.kg* барагынан окуңуз.
