- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Талас облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Талас облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (Борбор) Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу менен Талас облусунда «Коопсуз миграция кербенинин» алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн маалымдайт.
📌 Иш-чараларга лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктердин катышуусунда, кызмат көрсөтүү, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар боюнча актуалдуу жумуш орундарын сунушташат.
👥 Катышуучулар төмөнкүлөрдү ала алышат:
* Корея Республикасы, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка Европа өлкөлөрүндөгү актуалдуу бош орундар тууралуу маалымат;
* Чет өлкөдө расмий ишке орношуу этаптары боюнча лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктеринен кеңештер;
* Эмгек мыйзамдары жана расмий ишке орношуу боюнча юридикалык консультациялар.
📲 Жаңылыктарды Instagram — info.migrant.kg барагынан окуңуз.
