Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2025-жылдын 20-февралында саат 16:00 Улуу Британиянын «Pro-Force» оператору аркылуу сезондук айыл чарба иштерине онлайн каттоо ачыларын жарыялайт

19 Февраль 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2025-жылдын 20-февралында саат 16:00 Улуу Британиянын «Pro-Force» оператору аркылуу сезондук айыл чарба иштерине онлайн каттоо ачыларын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2025-жылдын 20-февралында саат 16:00 Улуу Британиянын «Pro-Force» оператору аркылуу сезондук айыл чарба иштерине онлайн каттоо ачыларын жарыялайт

 

 БИР НЕЧЕ ЖОЛУ КАТТООДОН ӨТКӨН ЖАРАНДАР ТИЗМЕДЕН ЧЫГАРЫЛАТ 

Тандоо этаптары:

1. Онлайн каттоо 2025-жылдын 20-февралында саат 16.00дө (Бишкек убактысы боюнча) Борбордун www.migrant.kg расмий сайтында жана “info.migrant.kg” Instagram баракчасында ачылат. Ийгиликтүү каттоодон өтүү үчүн сизге Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык жарактуу паспорту, электрондук почтасы керек.

 

Каттоо 2 000 талапкерге жеткенде жабылат, алардын ичинен 500 адам маектешүүгө чакырылат.

 

Онлайн каттоо тандоонун кийинки этаптарына катышууга кепилдик бербейт.

 

2. Онлайн тестирлөө “Pro-Force” оператору тарабынан өткөрүлөт. Тесттин маалыматы катталгандардын ичинен тандалган жарандарга ГАНА электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Сиз кылдаттык менен электрондук почтаңызды, анын ичинде спам папкаңызды текшериңиз

 

3. Оффлайн маектешүү “Pro-Force” операторунун өкүлдөрү тарабынан өткөрүлөт. Оператор онлайн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча тандалган талапкерлер менен ГАНА электрондук почта менен байланышып, аларды оффлайн маектешүүгө чакырат.

 

Талапкерлер үчүн критерийлер:

• 18 жаштан 45 жашка чейин;

• орус тилин жакшы билүү;

• физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык.

 

Иш шарттары:

• Эмгек акы саатына £11,44 фунт стерлинг;

• Иш берүүчү жумасына 32 сааттан кем эмес иштөөгө кепилдик берет;

 

Маанилүү! Кыргызстан, Казакстан жана башка мамлекеттердеги ортомчу компаниялардын жардамына кайрылган талапкерлер маектешүүгө киргизилбейт.