Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Volkswagen Bratislava заводуна онлайн каттоонун башталганын жарыялайт

23 Октябрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Volkswagen Bratislava заводуна онлайн каттоонун башталганын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакиялык «INDEX NOSLUS» (ИНДЕКС НОСЛУШ) агенттиги менен кызматташтык келишиминин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын Volkswagen Bratislava заводунда (Словакия Республикасы) ишке орноштуруу үчүн онлайн каттоо башталганын маалымдайт.

📧 Маанилүү: Каттоодон өтүү үчүн Gmail электрондук почтасы болушу зарыл.

200 талапкерге жеткен учурда каттоо АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ жабылат.

 

Каттоого шилтеме

 

🔧 Вакансия тууралуу маалымат

Кесиптин аталышы: Өндүрүш оператору
Негизги милдеттер:

  • автоунаанын ар түрдүү тетиктерин чогултуу;
  • шасси жана кыймылдаткыч топторун чогултуу;
  • автоунаанын ички бөлүктөрүн орнотуу;
  • кузовдун сапатын көзөмөлдөө (көрүү жана сезүү аркылуу).

 

👷♂️ Кандидаттарга коюлган талаптар

  • 50 жашка чейинки, ден соолугу чың жарандар;
  • кол чеберчилиги жана техникалык ой жүгүртүүсү бар;
  • сменалык тартипте иштөөгө даяр;
  • үйрөнүүгө, өнүгүүгө жана ийкемдүү болууга даяр.

Каалаган параметрлер:

  • бою 165 см жогору;
  • баңгизат тестинен таза жыйынтык;
  • ден соолугу жакшы абалда.

 

🏭 Иш шарттары

Иш жери: Братислава шаары, Devínska Nová Ves району
Иш тартиби: 2 же 3 смена (өндүрүшкө жараша)

  • Эртең мененки смена: 06:00–14:00
  • Күндүзгү смена: 14:00–22:00
  • Түнкү смена: 22:00–06:00

Керектелген жумушчулар саны: 50 адам.

 

💶 Эмгек акы жана үстөк акылар

Кызматы: Өндүрүш жумушчусу
Эмгек акы (брутто):

  • 1 472 евродон баштап айына;
  • бонус менен — 1 650–2 100 евро/айына;
  • таза маяна — болжол менен 1 300 евро.

Кошумча төлөмдөр:

  • түнкү смена, ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүндөгү иш үчүн — мыйзамга ылайык төлөнөт.

Бонустар жана кошумча төлөмдөр:

  • биринчи жылы орточо маяна — 1 650 евро;
  • жекече жана топтук баалоо;
  • транспорттук кошумча акылар;
  • 13- жана 14-эмгек акылар;
  • компаниянын жыйынтыгына жараша сый акы.

 

🏠 Жатакана жана транспорт

Жашоо жери: Иш берүүчү тарабынан камсыздалат.

  • ай сайынкы төлөм: 200–250 евро;
  • иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү бөлүк: 56,75 евро;
  • калган сумма эмгек акысынан кармалат.
    Жашоо түрү: Жатакана.

Транспорт:

  • компенсация берилбейт;
  • коомдук транспорт же ишкананын автобустары менен жетүү мүмкүн (50–150 евро, жашаган жерине жараша).

 

🍽 Тамактануу

Заводдогу тамактануунун баасы: 5,85 евро/күнүнө,
анын ичинен кызматкер 1,63 евро төлөйт.

 

🧰 Окутуу жана тандоо

  • кол чеберчилиги боюнча тест жүргүзүлөт;
  • 1 жумалык адаптациялык окутуу өткөрүлөт;
  • талапкерлерден резюме жана паспорттун көчүрмөсү талап кылынат.

Каттоого шилтеме