Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору түркиялык WORKİN GLOBAL агенттиги менен жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча келишимге кол койду

28 Январь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору түркиялык WORKİN GLOBAL агенттиги менен жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча келишимге кол койду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору персоналды башкаруу жана эл аралык рекрутинг боюнча иштеген Түркиянын «WORKİN GLOBAL Human Resources Management Consultancy Organization Services Limited Company» агенттиги менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду.

Бул келишим эмгек миграциясы жаатында эки тараптуу байланыштарды чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Түркияда иштөөнүн ишенимдүү шарттарын түзүүгө багытталган. Тараптар кызматташтык кыргызстандыктар үчүн мыйзамдуу жумуш орундарын көбөйтүүгө, алардын эмгек мамилелериндеги айкындуулукту жана социалдык коргоону камсыз кылууга өбөлгө түзөрүнө ишеним артат.

Келишимдин алкагында эмгек мигранттарын тандоо, даярдоо жана коштоо боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу, ошондой эле жумушка орношуу процесстеринин бардык этаптарында талапкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү каралган.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору эл аралык байланыштарды кеңейтүү боюнча ишин улантып, Кыргызстандын жарандарына чет өлкөдө ишенимдүү жана келечектүү жумуш орундарын камсыз кылууга аракеттенет.