- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору социалдык тармактардагы ишенимсиз маалыматтар боюнча жарандарды эскертет /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору социалдык тармактардагы ишенимсиз маалыматтар боюнча жарандарды эскертет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары – Борбор) Кыргыз Республикасынын жарандарын этият болууга жана социалдык тармактарда, мессенжерлерде чет өлкөгө жумушка орношуу тууралуу жалган маалыматтарды жайылтып жаткан алдамчылардын тузагына түшүп калбоого чакырат.
Борбор блогерлер менен активисттерди да жарыялаган маалыматтарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат. Чет өлкөдө жумушка орношуу боюнча так жана текшерилген маалыматтарды гана жарыялоо өтө маанилүү, анткени жалган маалыматтар Кыргызстандын жарандарынын адашуусуна алып келип, алардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
⚠️ Акыркы убакта социалдык тармактарда HOPS операторуна онлайн каттоо башталды деген жарнамалар тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Аккаунт https://www.instagram.com/proforceuk/?hl=en расмий булак болуп эсептелбейт.
Ошондой эле эскертебиз: эгерде PROFORCE же HOPS операторлоруна каттоо ачылса, маалымат сөзсүз түрдө Борбордун расмий сайтына жана расмий баракчаларына жарыяланат.
⚠️ Маалымат үчүн: Кыргызстанда 2025-жылдын июль айынан тартып, ЖМКларда жана интернетте жалган маалымат тараткандыгы үчүн административдик жоопкерчилик каралган.
✅ Чет өлкөдө жумушка орношуу боюнча бардык актуалдуу жана ишенимдүү маалыматты төмөнкү булактардан алсаңыз болот:
• Борбордун расмий сайты: www.migrant.kg
• Борбордун социалдык тармактардагы расмий баракчалары
• Борбордун ишеним телефону: 1899
💡 Акча каражаттарыңызды, документтериңизди жана убактыңызды сактаңыз. Маалыматты сөзсүз түрдө расмий булактар аркылуу текшериңиз жана социалдык тарамдардагы күмөндүү жарыяларга ишенбеңиз.

