- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кореянын алдыңкы компаниялары менен кызматташуу келишимине кол коюлганын билдирет /
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кореянын алдыңкы компаниялары менен кызматташуу келишимине кол коюлганын билдирет
2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору K-Jobs HR кызматы жана MANTOSS GROUP менен Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюштуу.
2014-жылы негизделген, K-Jobs HR Service - бул квалификациялуу адистерди ар кайсы өлкөлөрдөгү бош орундар менен ийгиликтүү байланыштырган иш менен камсыз кылуу боюнча эксперттик уюм.
Келишим Кореяда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, E-7 визасынын шарттарында техникалык адистиктерге мүмкүнчүлүк берет.
Үч жылга чейин жарактуу жана эки жылга узартылышы мүмкүн болгон E-7 визасы орто билими жана электр, сантехника жана ширетүүчү сыяктуу тармактарда тажрыйбасы бар талапкерлер үчүн мүмкүнчүлүк. Базалык дэңгелде корей же англис тилдерин да билүү зарыл.
Бул кызматтарга кабыл алуу 2-3 айдан кийин башталат. Бул кызматташтык Кыргызстандын жарандарына жумуш орундарын жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жаңы горизонтторду ачат.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору E-9 visa EPS программасы боюнча Корея Республикасынын ишканаларына Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча чоң тажрыйбага ээ, акыркы 15 жыл ичинде 5 миңден ашык жаранды ийгиликтүү ишке орноштурган.
Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Токтогул көч., 237 дареги боюнча Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылыңыз.