Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө» Жобонун жаңы долбоорун талкуулоо уюштурду

15 Июль 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору  «Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө» Жобонун жаңы долбоорун талкуулоо уюштурду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан «Solidarity Center» борборунун көмөгү менен  «Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө» Жобонун жаңы долбоорун талкуулоого арналган дискуссиялык аянтча уюштурулду.  

Аталган жобонун жаңы долбоорун негизги аспекттерин талкуулоого жана конструктивдүү сунуш-пикирлерди иштеп чыгууга, жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууну жөнгө салган аракеттеги ченемдик-укутук актыларды өркүндөтүүгө бардык кызыкдар тараптарды тартууга жана ачык диалогду камсыз кылууга багытталган бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдразаковна, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары  Дарманкул уулу Бакыт, Кыргыз Республикасынын Ички жана Тышкы иштер министрликтеринин, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун,  «Инсан Лейлек» коомдук фондунун жана жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү, эксперттер катышышты. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева өз сөзүндө чет өлкөлөргө ишке баруучу жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн «Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө» Жобонун жаңы долбоорун кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүн эффективдүү жөнгө салуу жана аларга мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүү эмгек миграциясынын мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги факторлордун бири экендигине токтолду.  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары  Бакыт Дарманкул уулу «Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө» Жобонун долбоорунда каралган чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, кошумча талаптарды жана стандарттарды киргизүү боюнча негизги өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго токтолду жана түшүндүрмө берди.  

Иш-чаранын катышуучулары Жобого киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кызуу талкуулашты, өз пикирлерин билдиришти жана сунуштарын айтышты. 

Талкуулоо учурунда жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгы, эмгек мигранттарына жана жөнөтүүчүлөргө маалыматтык жана укуктук жардам берүү, чет өлкөлөрдө иштеп кайткан адистерди реинтеграциялоо, бул жердеги жумуштарга тартуу маселелери көтөрүлдү. 

Иш-чаранын жыйынтыгында жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү менен жолугушууларды тез-тез өткөрүп туруу, алар тарабынан жаңы талаптардын жана стандарттардын аткарылышын жана сакталышын текшерүү-көзөмөлдөө жана отчет берүү боюнча иштиктүү системаларды түзүү макулдашылды.