- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун жакында ачылышы тууралуу маалымдайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун жакында ачылышы тууралуу маалымдайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун жакында ачылышы тууралуу маалымдайт. Каттоо www.migrant.kg сайты аркылуу HOPS Labour Solutions Ltd (HOPS) оператору тарабынан жүргүзүлөт.
Тандоо этаптары:
- Онлайн каттоо 2024-жылдын 11-ноябрында саат 10:00дө Борбордун расмий сайты www.migrant.kg аркылуу ачылат. Каттоодон ийгиликтүү өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу жалпы жарандык (загран) паспорту жана Gmail электрондук почтасы талап кылынат.
- Онлайн тестирлөө HOPS оператору тарабынан жүргүзүлөт. Тестирлөөнүн деталдары тандалып алынган каттоодон өткөн жарандардын электрондук почтасына жөнөтүлөт.
- Офлайн маектешүүнү HOPS операторунун өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
- Онлайн-тестирлөөдөн өткөн талапкерлер менен гана HOPS байланышып, андан аркы көрсөтмөлөрдү берет.
Талапкерлер үчүн критерийлер:
- Жаш курагы 18 жаштан жогору;
- Орус тилин жакшы билүү;
- Канааттандырарлык физикалык жана психологиялык абалда болуу.
Эмгек шарттары:
- Айлык акысы саатына 11.44 фунт стерлингди түзөт;
- Жумуш берүүчү жумасына эң аз дегенде 32 саат иштөөнү кепилдейт;
- Виза чыгымдары 298 фунт стерлингди түзөт;
- Авиабилеттин баасы учурдагы курс жана сатып алуу убактысына жараша болот.
Эскертүү!!! Тандоо процесси толугу менен HOPS оператору тарабынан жүргүзүлөт. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт. Улуу Британияга сезондук жумушчулардын программасы боюнча ишке орноштуруу толугу менен акысыз ишке ашырылат. Улуу Британияда ишке орноштуруу үчүн акча талап кылган коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болбоңуз!
Көңүл буруңуз!!!
1000 орун толгондон кийин онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат.