- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркия Республикасына 2026-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди онлайн каттоо башталганын жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркия Республикасына 2026-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди онлайн каттоо башталганын жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын Турция Республикасында мейманкана тейлөө тармагында ишке орноштуруу үчүн онлайн – каттоо ачылгандыгын жарыялайт.
Ишке орноштуруу төмөнкү мейманканаларда жүргүзүлөт:
Kundu Topkapı, Serik Likya, Kemer Swandor.
Эмгек акы:
Айлык акы 39–40 миң түрк лирасы өлчөмүндө белгиленип, төлөмдөр түрк валютасында жүргүзүлөт.
Иш режими жана эмгек келишиминин шарттары:
- иш убактысы — күнүнө 8 саат, жумасына 6 күн
- эмгек келишиминин мөөнөтү — 6 ай
Жумуш орундар:
- F&B (тамак-аш жана суусундуктар) -(англис тилин билүү талап кылынат)
- коноктор менен иштөө боюнча менеджерлер (Guest Relations)- (англис тилин билүү талап кылынат)
- ашкана кызматкерлери
- идиш жууучу
- горничная / Бөлмө тазалоочу
- клининг кызматкерлери/Коомдук жайларды тазалоо
- кир жуучу бөлүм
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы
- жаш курагы 19 жаштан 35 жашка чейин
- 2027-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуучу) паспорту болушу
- түрк жана орус тилдерин билүү артыкчылык болуп саналат
Иш берүүчүнүн милдеттенмелери:
- кайтуу авиабилети менен камсыз кылуу; эмгек келишиминин мөөнөтү толук аяктагандан кийин Түркияга учкан авиабилеттин наркы иш берүүчү тарабынан компенсацияланат
- медициналык кароодон өткөрүүнү уюштуруу
- медициналык камсыздандыруу жана медициналык тейлөө менен камсыз кылуу
- күнүнө үч маал тамак-аш, жатакана менен камсыз кылуу
Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген талапкерлер электрондук почта аркылуу бетме-бет аңгемелешүүгө чакырылат.
Маанилүү маалымат:
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматтары акысыз көрсөтүлөт.
Талапкерлерден ортомчулук кызматтары үчүн акы алынбайт.
Төлөмдөр визалык жол-жоболордун алкагында гана жүргүзүлөт, кошумча же жашыруун төлөмдөр каралган эмес
Катталган талапкерлерди тандап алуу туркиялык иш берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде 400 орун толукталса, онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат.