- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Нарын облусунда Коопсуз миграция кербенин өткөрдү /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Нарын облусунда Коопсуз миграция кербенин өткөрдү

2025-жылдын 6–10-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Эл аралык миграция саясатын өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу менен «Коопсуз миграция кербени» алкагында Нарын облусунун тургундары менен жолугушуулар жана көчмө жыйындар өткөрдү.
Бул иш-чараларда Борбордун кызматкерлери жарандарды төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалымат менен камсыз кылышты:
- чет өлкөдө мыйзамдуу жана коопсуз түрдө жумушка орношуу тартиптери;
- жумушка орношууда алдамчылыкка кабылбоо чаралары;
- Улуу Британияда, Корея Республикасында жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө учурдагы бош орундар тууралуу маалымат;
- атайын уруксатка ээ жеке жумушка орноштуруу агенттиктери аркылуу ишке орношуу жол-жоболору;
- Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр;
- адам сатуунун жана жарандардын укуктарынын бузулушунун алдын алуу чаралары.
«Коопсуз миграция кербени» жарандардын миграция жаатындагы укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мыйзамсыз миграциянын тобокелчиликтери жана коркунучтары тууралуу маалымдуулукту арттырууга багытталган. Катышуучулар иш-чаранын жүрүшүндө адистерден жеке кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышты.









