- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Борбор Нарын жана Каракол шаарларынын тургундары үчүн «Коопсуз миграция кербени» демилгесинин алкагында көчмө жыйындарды өткөрдү /
Борбор Нарын жана Каракол шаарларынын тургундары үчүн «Коопсуз миграция кербени» демилгесинин алкагында көчмө жыйындарды өткөрдү
2026-жылдын 30-мартынан 1-апрелине аралыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Тилектештик” борборунун колдоосу менен Нарын жана Каракол шаарларынын тургундары үчүн «Коопсуз миграция кербени» демилгесинин алкагында көчмө жыйындарды өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын аймактарындагы калктын жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери, ошондой эле чет өлкөдө коопсуз ишке орношуу принциптери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болду. Иш-чаранын алкагында Борбордун адистери пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүштү.
Иш-чарага катышуучулар адистерге жеке кайрылып, өздөрүн кызыктырган суроолор боюнча ыкчам жана ишенимдүү жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.


