- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылга Улуу Британияга сезондук иштерге баруу үчүн талапкерлерди каттоого шилтемесин жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылга Улуу Британияга сезондук иштерге баруу үчүн талапкерлерди каттоого шилтемесин жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылга карата Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына катышуу үчүн онлайн каттоого шилтемени жарыялайт.
Онлайн каттоо 2025-жылдын 8-декабрда саат 12:00дө ачылып 11-декабрында саат 23:59да жабылат, Бишкек убактысы боюнча).
Талапкерлерге коюлган талаптар:
• 18 жаштан Кыргыз Республикасынын жарандары;
• айыл чарба шарттарында физикалык активдүү иштөөгө даяр адамдар;
• 2027-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорттун болушу зарыл.
Каттоого коюлган талаптар:
1. Толук аты (фамилиясы, аты, атасынын аты), латынча;
2. чет элдик паспорттун номери жана сүрөтү (РЕ же АС дан башталат);
3. электрондук почта (gmail.com менен бүтүш керек);
4. байланыш телефон номери;
5. кошумча суроолорго жооп берүү.
Каттоону төмөнкү шилтеме аркылуу өтсөңүз болот:
https://visauk.realizon.tech/register/f1HJEyKDDDa8DMy4ecnO
МААНИЛҮҮ!
Ортомчулардын кызматынан пайдаланган адамдар автоматтык түрдө тандалгандардын тизмесинен чыгарылат.
Катталган талапкерлер британиялык "HOPS" оператору тарабынан тандалып алынат, андан кийин талапкерлердин электрондук почтасына кыймыл инструкциясы жөнөтүлөт.
Почтаңызды, анын ичинде "Спам" папкасын текшерип туруңуз.