Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Чехия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу С.К.Даминова менен биргеликте иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктер менен жолугушуу өткөрүлдү

27 Июнь 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Чехия Республикасындагы  Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу С.К.Даминова менен биргеликте иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктер менен жолугушуу өткөрүлдү

2024-жылдын 27-июнунда  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда (ЖЧӨИОБ)  Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы Ардактуу консулу С.К.Даминова менен биргеликте иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктер (ЖИА) менен Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселесине арналган жолугушуу өткөрүлдү. 

 

 

 

Жолугушуу эмгек миграциясын башкаруу, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу багыттарында биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуудагы ЖИАлардын ордун талкуулоого багытталды. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жарандарын Германия Федеративдик Республикасына, Чехия Республикасына, Венгрияга, Словакияга, Туркия Республикасына, Эстонияга жана башка мамлекеттерге жумушка орноштурууга уруксаты бар ЖИАлардын өкүлдөрү катышышты. 

 

 

Азыркы учурда Кыргызстандагы ЖИАлар эмгек рыногун түзүүдө жана өнүктүрүүдө өзгөчө орунду ээлешет. Алар кадрларды даярдоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы ыкмаларын жана усулдарын пайдалануунун демилгечилеринен болуп саналышат жана эмгек шарттарын жакшыртууга маанилүү салым кошуп келишүүдө. 

Жолугушууда эмгек миграциясынын агымдарын эффективдүү башкаруу үчүн мамлекеттин, жумуш берүүчүлөрдүн жана ЖИАлардын ортусундагы кызматташуунун зарылдыгы жана эмгек рыногун диверсификациялоодогу ЖИАлардын ролу талкууланды. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууга байланышкан төмөнкүдөй маанилүү маселелер тууралуу сөз болду: 

  • жумуш издөөчүлөрдүн укугун коргоо, ачыктык жана мыйзамдуулук принциптерин сактоо; 
  • эмгек мигранттарынын ишеничин кыянаттык менен пайдаланууга жана алдамчылыкка байланыштуу көйгөйлөр; 
  • Евробиримдиктин өлкөлөрүнө виза ачтыруу, жумушка уруксат алуу, кошумча квоталарды (жумуш орундарын) бөлүү жана кабыл алуучу мамлекеттердин тилин үйрөтүү маселелери; 
  • Кыргыз Республикасынын эмгек миграциясына байланыштуу ченемдик-укуктук актыларын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги №175 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө жобону өркүндөтүү жана ЖИАлардын ишмердүүлүгү боюнча талкуулар үчүн платформаны ишке киргизүүнү демилгелөө.

Катышуучулар БУУнун жана Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларынын жоболоруна жана ченемдерине, ошондой эле эмгек миграциясы жана жумуш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбага негизделген ишке орноштуруу стандарттарын өнүктүрүүнүн зарылчылыгы тууралуу орток пикирге келишти. 

ЖЧӨИОБдун директору Бактыбек Кудайбердиев мыйзамдуу жана иштиктүү эмгектенип жаткан ЖИАларга ыраазылык билдирди жана алардын ишмердүүлүгүнө ЖЧӨИОБ тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи.  

Кошумча маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылсаңыздар болот. 

Түз байланыш: +996(559)189-900