Борбор Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине онлайн каттоо 17-февралда ачыларын жарыялайт

12 Февраль 2025
Борбор Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине онлайн каттоо 17-февралда ачыларын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына «HOPS Labour Solutions Ltd» (HOPS) оператору аркылуу онлайн каттоо жакында ачыларын маалымдайт.

 

Тандоо этаптары:

  1. Онлайн каттоо 2025-жылдын 17-февралында саат 15:00 – 19:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча) ачылат.
    HOPS каттоо системасына шилтеме төмөнкү платформаларга жарыяланат: 

Каттоодон ийгиликтүү өтүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
  • Gmail электрондук почтасы (дарек паспорттогу аты-жөнүңүзгө дал келиши керек);
  • Ачык түстөгү фондо тартылган паспорттук форматтагы сүрөт (электрондук түрдө).

Маанилүү! Онлайн каттоо кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт – бул сиздин кызыкдар экениңизди гана тастыктайт.

  1. Онлайн тестирлөө HOPS оператору тарабынан 2025-жылдын 21-23-февралында өткөрүлөт.

Тестирлөөнүн деталдары тандалып алынган талапкерлерге электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Почтаңызды, анын ичинде "Спам" папкасын текшерип туруңуз.

  1. Офлайн маектешүү HOPS өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
    Эгерде онлайн тестирлөөдөн кийин офлайн маектешүүгө чакыруу албасаңыз, анда сиз тесттен өтпөй калганыңызды билдирет.

 

Катышуучулар үчүн талаптар:

✔ Жаш курагы: 18 жаштан жогору;
✔ Орус тилин жакшы деңгээлде билүү;
✔ Канааттандырарлык физикалык жана психологиялык абал.

 

Иштөө шарттары:

💰 Сааттык эмгек акы – 11.44 фунт стерлинг;
📅 Кепилденген жумуш убактысы – жумасына 32 саат;
🛂 Виза төлөмү – 298 фунт стерлинг;
✈ Авиабилеттин баасы валюта курсуна жана сатып алуу учуруна жараша болот.

Маанилүү! Тандоо жараянын HOPS толугу менен өзү жүргүзөт. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.

📢Сезондук жумуш программасы боюнча ишке орношуу – толугу менен акысыз!
Шылуундардан жана акча талап кылган коммерциялык компаниялардан сак болуңуз!