Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоосу “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору тарабынан жакынкы арада ачыларын билдирет

26 Ноябрь 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоосу  “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору тарабынан жакынкы арада ачыларын билдирет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалды камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоосу “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору тарабынан жакынкы арада ачыларын билдирет

 

ТАНДООГО НОЯБРЬ АЙЫНДА КАТТООГО КАТЫШКАН ЖАРАНДАР КАТЫШАЛБАЙТ

Тандоо этаптары:

 

  1. Онлайн каттоо 2024-жылдын 29-ноябрында саат 15.00-дө Борбордун www.migrant.kg расмий сайтында жана info.migrant.kg социалдык инстаграм баракчасында жүргүзүлөт. Ийгиликтүү каттоолуу үчүн, сизге Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу чет элдик паспорту, “gmail.com” электрондук почтасы (жаңыдан түзүлгөн электрондук почталар үчүн даректе чет элдик паспортко ылайык аты жана фамилиясы болушу керек); сүрөт электрондук түрдө, ак фондо, паспорттун өлчөмүндө болушу керек.

10 000 талапкер катталгандан кийин каттоо жабылат.

Онлайн каттоо тандоонун кийинки этаптарына катышууга кепилдик бербейт.

2. Онлайн тестирлөө “HOPS” оператору тарабынан өткөрүлөт. Тесттин маалыматы катталгандардын ичинен тандалган жарандарга ГАНА электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Сиз кылдаттык менен электрондук почтаңызды, анын ичинде спам папкаңызды текшеришиңиз керек.

3. Оффлайн интервью “HOPS” операторунун өкүлдөрү тарабынан өткөрүлөт.

“HOPS” онлайн тест аркылуу тандалган талапкерлер менен гана байланышып, кошумча көрсөтмөлөрдү берет.

 

Талапкерлер үчүн критерийлер:

• 18 жаштан өйдө;

• Орус тилин жакшы билуу;

• Физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык.

 

Иш шарттары:

 

• Эмгек акы саатына £11,44 фунт стерлинг;

• Иш берүүчү жумасына 32 сааттан кем эмес иштөөгө кепилдик берет;

• Виза баасы £298 фунт стерлинг;

• Авиабилеттин баасы учурдагы тарифке жана сатып алуу убактысына жараша болот.

 

Эсиңизде болсун! Тандоо толугу менен “HOPS” оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул процесске жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору катышпайт. Сезондук жумушчу программасы боюнча Улуу Британияда жумуш табууга жардам берүү толугу менен акысыз. Улуу Британияда акы төлөп иштөөнү сунуш кылган коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!