Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору HOPS оператору аркылуу Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо жакында ачыларын маалымдайт

04 Декабрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору HOPS оператору аркылуу Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо жакында ачыларын маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору HOPS Labor Solutions Ltd (HOPS) оператору тарабынан Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо ачыларын маалымдайт

Тандоо этаптары:

1. Онлайн-каттоо
Онлайн-каттоо 2025-жылдын 8–11-декабры аралыгында (8-декабрда 12:01де ачылып, 11-декабрда 23:59да жабылат, Бишкек убактысы боюнча) жүргүзүлөт.

HOPS каттоо системасына шилтеме төмөнкүлөрдө жарыяланат:
• Борбордун расмий сайты – www.migrant.kg;
• Instagram баракчасы – info.migrant.kg.

Катталуу үчүн талап кылынат:
• Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу чет өлкөлүк паспорту;
• Gmail электрондук почтасы (дарек паспорттогу аты-жөнүңүзгө ылайык болушу зарыл);

Маанилүү!

  1. Онлайн-каттоо кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт – бул сиздин кызыгууну билдирүү гана болуп саналат.
  2. Бардык маектешүүлөр жазылып алынат.
  3. Эгер сиз маектешүүдөн ийгиликтүү өтүп, жумуш сунушун алсаңыз, байланыш маалыматтарыңыз (телефон номери) Кыргызстандык кесиптештериңизге берилүүсү мүмкүн.
  4. Толук маалымат HOPS купуялуулук саясаты боюнча: https://www.hopslaboursolutions.com/privacy-policy

2. Орус тили боюнча онлайн-тест
Орус тилин билүүсүн текшерүүчү онлайн-тестти HOPS оператору 2026-жылдын январь айында өткөрөт.
Тест тууралуу маалымат тандалып алынган талапкерлерге гана электрондук почта аркылуу жиберилет. Почтаңызды, анын ичинде «Спам» бөлүмүн дайыма текшерип туруңуз.

3. Жүзмө-жүз маектешүүлөр
Жеке маектешүүнү HOPS өкүлдөрү 2026-жылдын февраль айында жүргүзүшөт.
Эгер онлайн-тесттен кийин офлайн-маектешүүгө чакыруу келбесе, бул сиз онлайн-тесттен өтпөгөнүңүздү билдирет.

 

Талапкерлер үчүн критерийлер:
✔ Жашы 18 жаштан жогору;
✔ Орус тилин жакшы билүү;
✔ Физикалык жана психологиялык жактан канааттандырарлык абалда болуу;
✔ HOPS аял талапкерлердин арыздарын кубаттайт.
Эгер сиз буга чейин HOPS программасы менен Улуу Британияда иштеп келген болсоңуз, кайрадан арыз бербеңиз — түз HOPS менен байланышыңыз.

 

Жумуштун башталышы: 2026-жылдын апрель айынын башы.

Эмгек шарттары:
💰 Сааттык эмгек акы: 12,71 фунт стерлинг (2026-жылдын апрелинен тартып);
📅 Жумуштун кепилденген минимум көлөмү – жумасына 32 саат;
🛂 Визанын баасы – 319 фунт стерлинг;
✈ Авиа билеттин баасы валюта курсуна жана сатып алуу убактысына жараша өзгөрөт.

 

Маанилүү! Тандоо процесси толугу менен HOPS оператору тарабынан жүргүзүлөт. Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору бул процессине катышпайт.

📢 Сезондук жумушчулар программасы боюнча ишке орношуу толук акысыз!

Эгер кимдир бирөө сизден акча талап кылса же жумуш үчүн кандайдыр бир кызмат көрсөтүүнү сураса, дароо төмөнкү дарекке кабарлаңыз: Complaints@hopsls.com

⚠ Шылуундар жана жасалма кызматтарды сунуштаган коммерциялык компаниялардан сак болуңуз.