Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясына ишке орноштуруу үчүн уюшкан түрдө тартуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди аныктады

16 Сентябрь 2024
Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясына ишке орноштуруу үчүн уюшкан түрдө тартуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди аныктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен биргеликте иш-аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясына ишке орноштуруу боюнча уюшкан түрдө мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан адам аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган адам тиешелүү уруксатсыз жана мыйзамдуу негиздери жок туруп, Россиянын аймагында ар кандай курулуш объектилеринде жарандарды ишке орноштурууну убада кылып, жалдоо иштерин жүргүзүп келгени билинди. Мыйзамсыз ишке тартуунун уюштуруучусу социалдык тармактар ​​жана башка бейрасмий каналдар аркылуу жарандарды өзүнө тартып, мыйзамдуу жол-жоболорду сактабастан “тез” ишке орноштурууну сунуштап, жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун тобокелге салган.

Учурда жумушка кабыл алууну уюштуруучуга карата КР тышкы эмгек миграциясы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, иш менен камсыз кылууга турган кезекте жарандарга консультациялык-укуктук жардамдар көрсөтүлдү.

Министрлик жарандарды чет өлкөдө жумушка орношуудан мурун, агенттиктин уруксаттарын текшерүүнү сунуштайт. Мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн жарандар КР ЭСКММ караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборуна кайрылса болот же migrant.kg сайтынан текшерсе болот.