- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Түркия Республикасына ишке орноштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктө мыйзам бузуулар аныкталды /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Түркия Республикасына ишке орноштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктө мыйзам бузуулар аныкталды
2026-жылдын 12-январында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга укук берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Жобонун талаптарынын бузулушу боюнча фактылар аныкталды.
Мониторингтин жүрүшүндө айрым жөнөтүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасынын аймагында ишке орноштуруу максатында ишенимсиз маалыматтарды берүү менен жарандарды тандоо иши жүргүзүлгөнү аныкталды. Тактап айтканда, чет өлкөдө ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга уруксат алуу учурунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишенимсиз маалыматтарды камтыган документтер сунушталган, тактап айтканда Түркия Республикасында кабыл алуучу уюм (иш берүүчү/чет өлкөлүк ортомчу уюм) менен болгон иш жүзүндөгү кызматташтык жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн эмес.
Көрсөтүлгөн аракеттер жогоруда аталган Жобонун 29-пунктунун 1-пунктучасынын талаптарын бузуу болуп саналат, ага ылайык уруксаттын аракетин токтотууга негиз болуп жөнөтүүчү тарабынан уруксат алуу учурунда ишенимсиз маалыматтарды камтыган документтердин берилгени саналат.
Аныкталган мыйзам бузууларды эске алуу менен жана Жобонун нормаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасына ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга берилген уруксаттардын аракеттери төмөнкү жөнөтүүчүлөргө карата убактылуу токтотулду:
«Голден ворк & тревел» ЖЧК;
«Айрис Тревел» ЖЧК;
«Рамай-Саякат» ЖЧК;
«Аска-Трэвел» ЖЧК.
Уруксаттардын аракетин токтотуу аныкталган мыйзам бузуулардын себептери толук жоюлганга чейин, мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн мониторингтин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн жөнөтүүчүлөргө карата аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө тиешелүү актылар түзүлдү.
Аталган актылардын негизинде белгиленген ЖЧКлардын дарегине аныкталган мыйзам бузуулар жана аларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жоюу боюнча талаптар көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү билдирүүлөр жөнөтүлөт.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору уруксат алуу учурунда анык эмес маалыматтарды берүү, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы жаатындагы мыйзамдардын талаптарын так сактабагандыгы уруксаттын аракетин токтотууга же жоюуга чейинки жоопкерчилик чараларын алып келерин эскертет.
Борбор чет өлкөгө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү боюнча системалуу ишин улантат.
