Корей тили боюнча “Skills-Test” сынагынын II этабы тоо-кен тармагына ийгиликтүү аяктады

21 Октябрь 2024
Корей тили боюнча “Skills-Test” сынагынын II этабы тоо-кен тармагына ийгиликтүү аяктады

2024-жылдын 19-октябрында Бишкек шаарында корей тили боюнча  сынагынын экинчи этабы "Skills -Test" тоо-кен тармагына өттү. Корей тилин билүү деңгээлин текшерүү процессинин бир бөлүгү болгон бул сынакты биринчи этапты ийгиликтүү аяктаган талапкерлер тапшырышты.

Экинчи этап кол чеберчилигин текшерүүгө (негизги көндүмдөрдү текшерүү), компетенттүүлүктү баалоого жана маектешүүгө багытталган бир катар практикалык тапшырмаларды аткарууну камтыйт. Тесттин эки этабын тең ийгиликтүү аяктоо талапкерлерге Корея Республикасынын жумуш менен камсыз кылуу жана Эмгек министрлигинин бирдиктүү реестрине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жумуш берүүчү конкреттүү талапкерди тандап алган учурда, анын атына эмгек визасын ачууга жана Кореяда иштөөгө мүмкүнчүлүк берген эмгек келишими жөнөтүлөт.

Ушул багытты тандап алган талапкерлер багытына ылайык негизги көндүмдөр тестинен өтүштү.