Корей тили боюнча “Skills-Test” сынагынын II этабы ийгиликтүү аяктады

18 Июнь 2024
Корей тили боюнча “Skills-Test” сынагынын II этабы ийгиликтүү аяктады

2024-жылдын 15-16-июнь күндөрү Бишкек шаарында корей тили боюнча  сынагынын экинчи этабы "Skills -Test" өттү. Корей тилин билүү деңгээлин текшерүү процессинин бир бөлүгү болгон бул сынакты биринчи этапты ийгиликтүү аяктаган талапкерлер тапшырышты.

Экинчи этап кол чеберчилигин текшерүүгө (негизги көндүмдөрдү текшерүү), компетенттүүлүктү баалоого жана маектешүүгө багытталган бир катар практикалык тапшырмаларды аткарууну камтыйт. Тесттин эки этабын тең ийгиликтүү аяктоо талапкерлерге Корея Республикасынын жумуш менен камсыз кылуу жана Эмгек министрлигинин бирдиктүү реестрине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жумуш берүүчү конкреттүү талапкерди тандап алган учурда, анын атына эмгек визасын ачууга жана Кореяда иштөөгө мүмкүнчүлүк берген эмгек келишими жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, 2024-жылы программага эки жаңы багыт кошулган: сервис-2 жана айыл чарба. Ушул багыттардын бирин тандап алган талапкерлер багытына ылайык негизги көндүмдөр тестинен өтүштү.