Баткен облусунда «Коопсуз миграция кербени» өтөт

10 Апрель 2026
Баткен облусунда «Коопсуз миграция кербени» өтөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Эл аралык миграция саясатын өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу астында Баткен облусунда «Коопсуз миграция кербени» демилгесинин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрөрүн маалымдайт.

Иш-чаралардын негизги максаты — калктын жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле жарандарга чет өлкөдө коопсуз жана мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо болуп саналат.

Кербендин алкагында Борбордун адистери аймактын тургундары, билим берүү мекемелеринин окуучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшөт. Катышуучуларга чет өлкөдө ишке орношуу боюнча жеткиликтүү багыттар тууралуу актуалдуу маалымат берилип, программаларга катышуу шарттары түшүндүрүлүп, кызыктырган суроолорго жооп берилет.

📍 «Коопсуз миграция кербенинин» маршруту (13–17-апрель):

 

13-апрель (дүйшөмбү) – Баткен району

10:00–11:30 — Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
12:30–14:00 — Ж. Боконбаев атындагы орто мектеп

 

14-апрель (шейшемби) – Баткен шаары

12:30–14:00 — В.И. Ленин атындагы орто мектеп
14:00–15:30 — Райондук маданият бөлүмү (Маданият үйү)

 

15-апрель (шаршемби) – Кадамжай шаары

10:00–11:30 — Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы
14:00–15:30 — Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү

 

16-апрель (бейшемби) – Кызыл-Кыя шаары

10:00–11:30 — Кызыл-Кыя шаардык мэриясы
14:00–15:30 — Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту

 

17-апрель (жума) – Кызыл-Кыя шаары

10:00–11:30 — М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту

«Коопсуз миграция кербенин» өткөрүү жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана эмгек миграциясына жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталган.